Таласта өндүрүш менен алектенген ишкер үй-бүлө Медер жана Жумагул Кожомбердиевдер 2023-жылдан баштап жергиликтүү рынокто өз ордун тапкан “Бай Талас” брендин түптөп, чакан цехтен — аймакта таанылган өндүрүшканага чейинки жолду басып өттү. Анын ишкерлик тарыхы — аймактык бизнес кандайча кыйынчылыкты мүмкүнчүлүккө айланта аларын көрсөткөн мисал.
________________________________________
Баштапкы кадамдар: өндүрүштүн калыптанышы
Алгачкы этапта Медер Кожомбердиев лапшанын түрлөрүн жана беш-бармак үчүн камыр өндүрүү менен чектелип турган. Бирок рыноктогу суроо-талап күткөндөй болгон жок: жаңы чыккан продукция дүкөндөрдүн текчесинде бир нече күн бою турчу.
Бул — өндүрүштү гана эмес, рынокту түшүнүүнүн да маанилүү экенин көрсөттү. Ошол эле учурда бренддин таанылышы, социалдык тармактарда активдүүлүк жана маркетинг боюнча тажрыйба дээрлик жок болчу.
Финансылык мүмкүнчүлүктөрдүн чектелүүсү — дагы бир тоскоолдук. Жабдуулардын аздыгы жана жаңы техниканын жетишсиздиги өндүрүш көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк бербей турган.
Мындан тышкары, продукциянын таңгак жана логотип сыяктуу визуалдык элементтери жок болгондуктан, товарды рынокто туура көрсөтүү кыйынга турчу. Техникалык документтерди, салык жана юридикалык талаптарды так аткаруу да ишкер үчүн өзүнчө түйшүк жараткан.
________________________________________
Бурулуш чекити: ИКБ Таластын колдоосу
Кыйынчылыктарга карабастан, ишкер өз багытынан кайткан жок. Бул учурда ага Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ Талас) адистери жардам көрсөтүп, өндүрүштү системалуу өнүктүрүүгө жол ачты.
Адистердин кошкон салымы
• Сулайманов Нурсултан
Продукцияга расмий штрих-код алуу процедурасын аткарып
• Бактыбек Рысалиев
Компаниянын финансылык документтерин иретке келтирип, бухгалтерияны толук түзүп берди. Ошондой эле салык органдарына расмий каттоодон өтүүгө көмөктөштү.
• Айтыбекова Азиза
“Бай Талас” үчүн заманбап логотип жана сапаттуу таңгак дизайндарын иштеп чыгып, бренддин көрүнүшүн түп-тамырынан өзгөрттү. Бул кадам продукциянын дүкөн текчесинде таанылуусун бир топ жогорулаткан.
• Комплекстүү консультация аркылуу бизнес-план, финансылык план жана презентация жасалып, 5 мин долларлык грант утуп алууга жол ачты. Аталган каражат кошумча жабдуу сатып алууга, өндүрүштүн көлөмүн жана жаңы жумуш орун көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк жаратты.
________________________________________
Өсүш: брендди таанымал кылган факторлор
ИКБ Таластын комплекстүү консультациялары жана ишкердин үзүрлүү аракети өз жемишин берди.
Бүгүнкү күндө “Бай Талас”:
• Талас облусунун бардык ири дүкөндөрүндө сатылат
• Өндүрүштүн кубаттуулугу кыйла жогорулаган
• Продукциянын сапаты бекемделген
• Таңгактын дизайны заман талабына жооп берет
• Бренд жергиликтүү тургундардын ишенимине ээ болгон
Ишкердиктин бул этапка чейин жетиши — туура стратегия, сапатка болгон талап жана тынымсыз аракеттин натыйжасы.
________________________________________
Ишкердин пикири
Медер менен Жумагул Кожомбердиевдер мындай дейт:
“Кандай гана иш болбосун, кыйынчылык сөзсүз чыгат. Бирок туура кеңеш жана кесипкөй колдоо менен аларды жеңсе болот. ИКБ Таластын жардамы бизге көп убакыт жана каражат үнөмдөөгө жардам берди. Ишкердик баштагандарга сөзсүз сунуштайбыз.”
________________________________________
Бул окуя — аймакта өндүрүштү өнүктүрүүнүн, ишкерди колдоонун жана брендингдин маанисин көтөргөн дагы бир ийгиликтүү мисал.