ГНС провела межвузовский Брейн-ринг по цифровым решениям в сфере налогообложения

25/11/2025
15
⚡Быстрые вопросы, неожиданные ответы, логические квесты и командный азарт — так прошёл республиканский Брейн-ринг ГНС по цифровизации налоговой системы!



Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында "Салык системасын санариптештирүү: технологиялар салык салуу тартибин кантип өзгөртөт" деген темада брейн-ринг өткөрдү. Иш-чара Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабековдун катышуусунда өттү.

Интеллектуалдык таймашка Ж.Баласагын атындагы КУУ,  И.Арабаев атындагы КМУ,  К.Карасаев атындагы БМУ,  Б.Ельцин атындагы КРСУ,  М.Рыскулбеков атындагы КЭУ,  К.Скрябин атындагы КУАУ,  И.Раззаков атындагы КМТУ окуу жайларынын 5 адамдан турган 7 командасы катышты. Иш-чара жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга, салык системасы жөнүндө билимдерди жайылтууга жана салык салуу чөйрөсүндөгү заманбап санариптик чечимдерди талкуулоого студенттерди тартуу максатын көздөйт.

Брейн-ринг төрт этаптан туруп, ар бири катышуучулардын билимин, креативдүүлүгүн жана команда менен иштөө жөндөмүн аныктоого багытталган:
• команданы тааныштыруу — катышуучулар өздөрүнүн окуу жайын, багытын жана команда ураанын айтып беришти;
• салык системасын санариптешүү боюнча видеоролик — студенттер салык тармагындагы санариптик технологиялардын өнүгүүсү боюнча көз карашы тууралуу автордук видеоматериалдарды даярдашты;
• капитандардын таймашы — командалардын лидерлери суроолорго жооп берип, стратегиялык ой жүгүртүү жөндөмүн көрсөтүштү;
• Квест-оюн — логика, ыкчамдык жана заманбап салык куралдарын билүү боюнча интерактивдүү тапшырма.

Бардык этаптардын жыйынтыгынын негизинде жеңүүчүлөр аныкталды:
1-орун — К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин командасы;
2-орун — И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин командасы;
3-орун — Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетинин командасы.

Мамлекеттик салык кызматы жеңүүчүлөрдү сертификаттар жана дипломдор менен сыйлады.
Мындай интеллектуалдык сынактар санариптик көндүмдөрдүн өнүгүшүнө, кесиптик горизонтту кеңейтүүгө жана жаштардын салык сабаттуулугуна болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.

МСКнын басма сөз кызматы
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!