Бул подкаст — Кытайдагы кыргыз ишкерлигинин ички дүйнөсү, чоң акчалар айланган рынок, өндүрүштүн механикасы жана дүйнөгө чыгуу үчүн керек болгон эр жүрөктүү чечимдер жөнүндө.
Бүгүнкү коногубуз — Адилет Кемелов, Иу жана Шанхай сыяктуу стратегиялык шаарларда иш жүргүзүп, Кытай менен түз байланышта товар өндүрүү, экспорт жана заказдарды аткаруу боюнча чоң тажрыйба топтогон ишкер.
Эфир Кытайда тартылып, биз анын офистерин, цехтерин, команданын ишин жана реалдуу процесстерди өз көзүбүз менен көрдүк. Адилет кантип миллиондук заказдарга чейин жеткенин, кыргыз ишкерлери Кытай менен кантип кызматташса болорун жана кытай тилин билүү бизнеске кандай эшик ачаарын кеңири бөлүштү.
Ошондой эле бул чыгарылышта Адилеттин өнөктөшү — Evan’s (Ивэн) да маекке кошулуп, кытайлардын менталитетин, акчага болгон мамилесин, эмгек маданиятын жана Кытайда ийгилик жаратуу үчүн ким кандай болуусу керектигин айтып берди. Анын көз карашы — кыргыз аудиторияда сейрек угулган жаңы перспектива.
Бул эпизод — Кытай рыногуна кирүүнү каалагандарга, өндүрүш ачкысы келгендерге, же жөн гана Кытайдагы бизнес логикасы кандай иштей турганын түшүнгүсү келгендерге сөзсүз көрүшү керек болгон чыгарылыш.
———————————————————————————
► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr
———————————————————————————
► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Башкы оператор: Ажыканов Калыс
Монтаж редактору: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзундүлөр: Карыпбаев Мээриман
Алып баруучу жана автор: Нурсейит Анаркулов
Кадр сыртындагы үн: Канат Камчибеков
———————————————————————————
0:00 Башталышы
2:36 Адилет Кемелов Кытайда эмне менен алектенет?
6:24 Компанияны канчага сатты?
7:09 Чоң масштабга жетүүнүн сыры
8:50 Эмне үчүн Кытай?
10:38 Кытай дүйнө менен иштешүүгө жол ачабы?
11:32 Баардык ишкер Кытай менен иштей алабы?
12:53 Кытай тилин билген адам көп акча таба алат
13:57 1 млн долларга чейин заказ беришет
15:39 Компания кандай принцип менен иштейт?
18:47 Байерлер кантип иш алып барат?
20:09 Жыргап жашаганга мүмкүнчүлүк бар
23:01 Кыргызстанды өнүктүрүү зарылбы?
25:07 Иу шаарында офис ачуу
29:28 Кыргыздар жылына 20–30 млн доллар товар айлантат
32:00 Офиске обзор
34:07 Офисте кандай иштер жүрөт?
35:48 Ишкерликте чет тилин билүүнүн ролу
37:19 Ивен чындап эле байдын баласыбы?
38:26 Кризис деген эмне?
44:08 Ишкананын ичи
45:45 Кардарлар гана көрүүчүлөрбү?
51:56 Тааныш-билиштерге кандай баа берилет?
55:44 «Кыргызстандан соода кылгыла» дегендер тууралуу
58:43 Канча салык төлөнөт?
1:02:35 Кытайга келгенде көз караш өзгөрөт
1:06:08 Ковид жөнүндө
1:10:09 Ивэндин аткарган жумуштары
1:11:59 Товар кардардын каалоосуна жараша тандалат
1:14:52 Кытайда команда канча акча табат?
1:15:52 Буйрутмалар кайда тигилет?
1:16:36 Жылына цех канча кийим чыгарат?
1:18:15 Кытайда кийим тигүү ыңгайлуубу?
1:21:07 Кытайлар менен иштешүүдөгү кыйынчылыктар
1:23:39 Шанхай шаары
1:25:06 Ивэн менен иштешүүнүн пайдасы
1:28:08 Пайда кимге көбүрөөк келет?
1:29:01 Конкуренция катуу болобу?
1:30:56 Кытайлар менен кыргыздардын айырмачылыктары
1:33:25 Кытайлар нишаны кантип тандайт?
1:34:28 Ивэн менен таанышкан учур
1:35:06 Бизнесте тобокелчиликке баруу
1:41:04 Эмне үчүн кытайлыктар бат көбөйүп жатат?
1:44:06 Саясий туруктуулуктун бизнеске таасири
1:46:59 Кытайлар эмгектенүүдө тынбайбы?
1:49:10 Кытайлардын акчага болгон мамилеси
1:53:01 Идеяны ишке ашыруу эмне үчүн маанилүү?
1:53:23 Акча Ивэн үчүн эмнени билдирет?
1:55:46 Кытайларда калың кымбат болобу?
1:59:20 Бизди эмне бириктирип турат?
2:02:36 Кытайлыктардын умтулуусу эмнеден келет?
2:04:51 Көрүүчүлөргө белек
2:09:38 Жыйынтыктоо