Бул чыгарылышта биз Кытайга нөлдөн барып, оор сыноолордон өтүп, ишкерликке чейин жеткен кыргыздын реалдуу жолу жөнүндө. Бул жерде жалтырак мотивация эмес, жашоонун катуу чындыгы, намыс, жоготуулар, тобокелчилик жана соодадагы береке бар.
Бүгүнкү коногубуз Максатбек Гапаров, ишкер, «Мир света» брендинин негиздөөчүсү, «NeoWay» компаниясынын тең негиздөөчүсү, Кытай менен түз иштеген, өндүрүш, экспорт жана соода багытында чоң тажрыйба топтогон ишкер.
Бул чыгарылышта Максатбек балалык кезинен баштап Кытайга барганга чейинки тагдырын, кул базарга жумуш издеп барган күндөрүн, официант жана шашлык жасоочу болуп иштеген учурларын, жокчулукта ата-энеден акча алгандан уялган абалын ачык айтып берет. Кытайда окуп жүрүп, кытай тилин күнү-түнү өздөштүрүп, оор экзамендерден өтүп, стипендия алып, бирок ошол эле учурда психологиялык басымга, басмырлоого жана суицидге чейин жеткен оор учурларга туш болгонун жашырбай бөлүштү.
Эфирде биз:
— Кытай тилин билүү бизнеске кандай эшик ачаарын
— Эмне үчүн Кытай менен иштөө ар кимдин колунан келе бербесин
— Кыргыз ишкерлеринин негизги каталарын
— Ортомчусуз заводдор менен иштешүүнүн реалдуу жолдорун
— Кытайлыктардын менталитетин, акчага жана эмгекке болгон мамилесин
— Ишкерликте бир ката эмне үчүн кайра кайтарылгыс болуп каларын
— Соодада береке эмнеден турарын
— Кайсы өлкө менен иштешүү пайдалуураак экенин
терең талкууладык.
Бул эпизод - Кытай рыногуна кирүүнү каалагандарга, өндүрүш ачам дегендерге, экспорт менен иштейм деген ишкерлерге жана реалдуу тажрыйбадан сабак алгысы келген ар бир адамга арналган.
Бул ийгиликке жеткен адамдын гана эмес, сынбаган адамдын тарыхы.
———————————————————————————
► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr
———————————————————————————
► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Башкы оператор: Ажыканов Калыс
Монтаж редактору: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзундүлөр: Карыпбаев Мээриман
Алып баруучу жана автор: Нурсейит Анаркулов
Кадр сыртындагы үн: Канат Камчибеков
———————————————————————————
0:00 Башталышы
2:40 Кытайга келиши тууралуу
3:52 Атам дыйкан, апам ишкерликке жакын болчу
4:58 Окуучулук кездери
6:26 Үйдүн кичүү баласы болуп, кийин улуусу болуп калдым
7:12 Кытайга кызыгуу кантип башталды?
8:18 Депутат болуу кыялым бар болчу
11:36 Кытайлардын тести абдан оор, 6 деңгээлден турат
13:05 Кытай тилиндеги кытайлар билбеген иероглифтер
15:02 Кытай тилин күнү-түнү окугам
17:03 Кул базарга жумуш издеп барчубуз
20:11 Апамдан акча алгандан намыстанчумун
21:04 Кытайга кетүү көп адамдын колунан келчү эмес
22:01 «Сартсыңар» деп бизди көп кыйнашчу
23:44 Официант, шашлык жасоочу болуп иштедим
25:23 Окуу жайда рекорд койгом
28:35 Кытайга барбай калышым мүмкүн болчу
31:07 Кытайда бекер окуп, 2500 юань стипендия алчумун
31:59 Элчиликте жарылуу болуп, документтер күйүп кеткен
34:24 Өзүмдү сынаш үчүн дайыма бийиктикке умтулам
35:50 Кытайда суицидге барганы аз эле калгам
39:57 Кытайлардын ийгилиги катуу окугандыктабы?
41:39 Ошко келгенде окуу оңой болуп калды
43:08 3 жылдык магистратурага тапшыруусу
44:09 Бир кыргыз ката кетирсе, баары жаман атка калат
46:48 Окуу учурундагы кызыктуу окуя
47:43 Кытайча кино тартып, 2-орунду алдым
50:33 Ишкерликке алгачкы кадамдар
53:50 Стипендиямды ата-энеме берип турчумун
55:44 Пекин университетинин профессору менен дипломдук иш
58:04 Карантин көзүмдү ачты
1:01:12 Акчанын даамын татып алсаң, көбөйтүүнү ойлойсуң
1:01:58 Бишкекке көчүп келиши тууралуу
1:03:52 Жокчулукта аялымдын колдоосу
1:05:24 Экспорт компаниясында иштеп калышы
1:06:46 Ишкерликтен түшкөн акча
1:08:22 Кытайлыктарга алданып калганы
1:11:12 Жеке карызым 15 000 доллар болду
1:12:20 2021-жылы чыныгы ишкердик жол башталды
1:13:58 Бир ката кетирсең, аны чечүү мүмкүн эмес
1:14:43 Партнёр менен таанышуусу
1:17:17 Кыргызстандагы көп жерге салым коштук
1:18:30 Соодада береке бар
1:20:20 Кайсы тармактар менен иштейт?
1:21:19 Кытай менен иштешүүнүн сырлары
1:25:02 Ишкерлерге кеңеш
1:27:00 Кыргыздардын ишкерликтеги каталары
1:28:21 Ортомчусуз заводдор менен иштешүү
1:29:13 Кайсы өлкө менен иштешүү пайдалуураак?
1:31:00 Жыйынтык