“УНЧУКПА” — 8-январдан кинодо.
Бул фильм чыныгы окуяларга негизделген. Шаарда жаш кыздар биринин артынан бири жоголуп кетип жатат. Бул ишти тажрыйбалуу тергөөчү Мирбек иликтеп, кылмышкерди табууга аракет кылат. Ошол эле учурда 9-класстын окуучусу Малика мектепте жалгыз калып, түн ичинде ошол жерде камалып калат. Бирок ал шаар бүт издеп жаткан маньяк ошол эле мектептин ичинде жашынып жүргөнүн али билбейт…