Бул подкастта биздин конок Жеңиш Джексонбиев - Дубайда иштеп, топ-10 фитнес тренерлердин катарына кирген адис. Видеодо анын Кыргызстандагы жолу, Дубайга баруусунун себептери жана чет өлкөдө ийгиликке жетүүнүн артындагы реалдуу кыйынчылыктар тууралуу ачык маек кылабыз.
Жеңиш мырза фитнес тренерлик чындап эле кирешелүүбү же сырты кооз көрүнгөн оор кесиппи- баарын жашырбай айтып берет. Дубайда иштөө, кардар табуу, менталитет айырмасы, «черныйлардын» чакырыгы жана жаңы өлкөгө көнүүдөгү психологиялык басымдар кеңири талкууланат. Ошондой эле спорттун ден соолукка, психологияга жана тартипке тийгизген таасири, ашыкча салмак, кант диабети сыяктуу оорулардын негизги себептери тууралуу практикалык ойлор айтылат.
Подкастта туура тамактануу, диета, арыктоочу дарылар, укол аркылуу форма чыгаруу, машыгуунун техникасы жана жаңы баштагандар кетирген каталар да сөз болот. «Форма деген эмне?», «Канча жашка чейин фитнес менен машыгууга болот?», «Көп машыгуу маанилүүбү же туура машыгуу маанилүүбү?» деген суроолорго так жооптор берилет.
Мындан тышкары, блогерликке келүү, спорт менен тарбияланган мүнөз, жаштар үчүн англис тилинин мааниси, коомдогу баалуулуктар, башка улуттар менен биздин айырма сыяктуу темалар козголот. Видеонун аягында көрүүчүлөр үчүн атайын челлендж жана мотивациялык кайрылуу бар.
Бул подкаст ден соолук жана тартип тууралуу гана эмес, өзүн өзгөртүүнү бүгүнтөн баштоону каалагандар үчүн
———————————————————————————
► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
———————————————————————————
► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык
Оператор: Ажыканов Калыс
Редактор: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзүндүлөр: Карыпбаев Мээриман
———————————————————————————
► Тайм-коддор
0:00 Башталышы
2:01 Жеңиш байке тууралуу
3:02 Дубайда топ 10 тренерге кирет
3:40 Финтестин өзгөчөлүгү
4:09 Эмне үчүн Дубайда
5:08 «Черныйлар» чакырган
6:52 Дубайга келгендеги оорчулук
8:46 Фитнес тренер болуу оңойбу
9:47 Фитнес тренерликке киреше көппү
11:13 Спорттун керек экенин түшүнчү эмесмин
14:28 Жаштарга англис тилин үйрөтүш керек
14:54 Аял киши дагы бирөөнүн кызы
16:01 Спорт менен алектенген жакшыбы же фитнес
16:30 Канча жашка чейин фитнес менен машыгуу керек
17:07 Сахар ж.б. оорулар туура эмес тамактануудан
19:20 Спорт психологияга кандай таасир этет
21:14 Спортсмендер нарцисс болушабы
22:08 Дубайлык арабдар ашыкча салмактуу болушат
24:01 Япондор ата-энесине мээрими жок келет экен
24:58 Биздин эл менен айырмасы
28:05 Блогерликке келүү
30:36 Форма деген кандай
31:05 Дене кандай формада болуш керек
35:08 Укол сайып форма чыгаргандар
36:41 Геймерлерге ичкен зыянбы
40:09 Жаңы баштагандарга техника
41:31 Арыктатуучу дарылар зыянбы
44:04 Диетага отуруу туурабы
48:14 Күнүнө 1 маал тамак ичүү зыян
49:13 Туура тамактануу деген эмне
49:55 Арыктоого жеңил кадам
51:52 Туура машыгуубу же көп машыгуубу
55:02 Олимпиада чемпиондору менен машыкканбы
56:22 Эмне үчүн көптөр машыгат, бирок формада эмес
57:56 Челлендж
1:01:06 Жеңиш мырза машыгууну көзөмөлдөйт
1:02:52 Көрүүчүлөргө челлендж
1:03:46 Ден соолукту бүгүн чыңдайлы