Бардык катталуучуларыбызды ыйык Рамазан айынын келиши менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Рамазан – руханий тазалануунун, ибадатка жакындоонун жана жашоонун маңызын кайрадан ойлонууга мүмкүнчүлүк берген өзгөчө мезгил.✨
Кезектеги подкастыбыздын коногу — Устаз Олжобай Алимбеков болду. Бул чыгарылышыбызда биз Рамазан айына байланышкан эң маанилүү диний, руханий жана коомдук суроолор тууралуу терең жана мазмундуу маек курдук.
Маек учурунда динди туура түшүнүү, жашоодо тең салмактуулукту сактоо, илим алуунун мааниси, руханий тарбия жана азыркы муундун диний көз караштары тууралуу пайдалуу ойлор айтылды.
Рамазан айын кантип туура пайдаланып, ибадат менен өткөрүү, адамдын өзүн өнүктүрүү жана руханий жактан өсүү жолдору жөнүндө баалуу кеңештер берилди.
Бул чыгарылыш сиздерге пайдасын тийгизет жана Рамазан айын дагы да маңыздуу өткөрүүгө жардам берет деп ишенебиз.
———————————————————————————
► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr
———————————————————————————
► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык
Оператор: Ажыкенов Калыс
Редактор: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзүндүлөр: Карыпбаев Мээриман
———————————————————————————
► Тайм-коддор
0:00 Анонс
1:38 Башталышы
2:17 Бейишке кантип киребиз?
7:17 Жашоону туура жашап жатканыбызды кантип билебиз?
14:44 Көпчүлүктүн артынан жүгүрүү туурабы?
16:58 Диний агымдар тууралуу
19:20 Ханафий масхабы эң туура болсо, башкаларчы?
22:38 Сырттагы масхабдар адашуубу?
23:34 Адашууларга жол ачыкпы?
26:25 Устазды кантип тандоо керек?
27:25 Сахабалардай боло албаймбы деген туурабы?
32:24 Атеизмди кармаган муун эмне кылыш керек?
34:11 Өзүн өзү жемелөө туурабы?
38:12 5 парзды аткарса, бейишке киреби?
41:57 Илим алуу эмне үчүн парз?
45:40 Коркуу тууралуу
50:00 Бидаат деген эмне?
58:30 Чет өлкөдөн илим алган аалымдар
59:18 Азыркы молдолор төрдөн түшпөйбү?
1:06:05 Аалымдар кыйналбаган адамдай көрүнөмбү?
1:10:00 Мусулмандын мүнөзү кандай?
1:14:25 Жума намазда келе элек адамга орун алуу туурабы?
1:18:08 Адамда даанышмандык болуш керек
1:26:15 Тең салмактуулук жоголуп баратабы?
1:29:35 Рамазан айын ибадат менен өткөрөм
1:32:09 Рамазан айында эмне менен алек болуу керек?
1:33:33 Жыйынтыктоо
1:34:28 Дуба менен жыйынтыктоо