Сүйүү Сынагы / Аваз Акимов жана Айдана Дека / Айтчы

19/02/2026
18
Бүгүнкү чыгарылышыбыздын коноктору — кыргыз эстрадасындагы үлгүлүү, ынтымактуу жубайлар Аваз Акимов жана Айдана Дека.

Социалдык тармактарда алар сүйүү, сый-урмат жана гармонияга толгон үй-бүлөлүк жашоону чагылдырып келишет. Биз болсо ошол кооз сүрөттүн артында эмне бар экенин, мамиленин чыныгы сыры эмнеде экенин билүүнү чечтик.

Подкастта конокторубуз мамиледеги ачык баарлашуунун мааниси, пикир келишпестиктерди кантип чечишери тууралуу кеңири айтып беришти. Ошондой эле өздөрүнүн үй-бүлөлүк салттары, баалуулуктары жана бекем никенин негизи болгон принциптери менен бөлүшүштү.

Мындан тышкары, кайын журт менен мамиле куруу, эки үй-бүлөнүн ортосундагы сый-урматты сактоо темасын да козгодук.

Бул чыгарылыш — сүйүү, түшүнүшүү жана үй-бүлөлүк бакыт тууралуу чыныгы, ачык маек.

-----------------------------------------------------------

00:00 Башталышы
02:00 Эмне үчүн жубайлар өзүнчө эс алыш керек? 
06:41 Үй бүлөдө бири-бирин колдоо канчалык маанилүү? 
13:43 Кайынжурттун Айданага мамилеси 
22:57 Партнер менен мамиле түзүү
42:43 Кыздарды тарбиялоо
47:27 үй бүлөлүк салттар
56:30 Ар дайым чогуу жүрөбүз
01:01:16 Чыгармачылык үй бүлөгө тоскоол болбойбу? 
01:05:51 Көрүүчүлөргө кеңештер
01:09:00 Блиц
01:10:20 Коштошуу
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!