Жаңы чыгарылышыбыздын каарманы — дизайнер, ишкер айым, беш баланын апасы жана Keshte этно-брендинин негиздөөчүсү Назгүл Каарова болду.
Бул жолу формат өзгөчө болду: биз Ош шаарына барып, Назгүл айымдын коногу болдук. Назгүл айым менен анын жолунун башталышы, кандай кыйынчылыктардан өткөнү жана аны алдыга сүрөгөн күч тууралуу маектештик.
Ошондой эле бизнес менен үй-бүлөнү айкалыштыруу темасын козгодук. Аял ишкер болуу кандай экенин жана жолдошунун колдоосу канчалык маанилүү экенин талкууладык.
Мындан тышкары, биз бренддин “ичине” кирип көрүүгө мүмкүнчүлүк алдык: өндүрүштү кыдырып, процесстер менен жакындан таанышып, Keshte командасы менен жолугуштук.
Бул чыгарылыш жандуу, жылуу жана чынчыл болду. Сиздерге да жагат деп ишенебиз.
Чыгарылышты сөзсүз аягына чейин көрүңүз! 11-апрелде боло турган көргөзмөгө жолдомо утуп алууга мүмкүнчүлүк бар!
0:00 Интро
1:16 Бүгүнкү коногубуз – Назгүл Каарова
6:40 Время переходить: Бонус для новых клиентов
7:52 Кийимдерди жаратууда жаратылыштан эргүү алам
11:12 Дизайнда уурулук көп
13:15 Чыгармачыл адамдар сезимтал болот
15:56 Keshte дүйнөсүнө келдик
19:42 Кездемелер каяктан алынат?
22:38 Кызматкерлер менен таанышуу
30:20 Жаңы коллекция жөнүндө
33:29 Кичинекей кезимде эле модельер-дизайнер болом дечүмүн
34:43 Жолдошумдун колдоосуна ыраазымын
39:19 Ата-энем эркин чөйрөдө өстүрүштү
42:20 Аял кишинин бактысы – балдарды багууда
48:54 11-апрель боло турган көргөзмө тууралуу
52:49 Keshte бренди дүйнөлүк бренд болот деп ишенем
56:48 Жыйынтыктоо