Карыздын чуңкурунан эт бизнесине: Arashan Meat негиздөөчүсүнүн жолу

11/04/2026
27
Эт бизнеси тууралуу биз кандай чындыкты билбейбиз? Эмне тууралуу айтылбайт?
Эмне үчүн Кыргызстанда эт ушунчалык кымбат? Аны кантип туура тандоо керек? Жана мунун жиндерге кандай тиешеси бар?

Нурсултан Ниязбек уулунун окуясы бул жөн эле эт бизнеси тууралуу эмес.
Бул карызга батуу,кетирген кемчиликтер, каталар жана оор чечимдер аркылуу өз ишин курган жол.

Бул чыгарылышта:
— ал кантип карызга кирип калган
— эмне үчүн кайра баштоого туура келген
— Кыргызстандагы эт рыногунда эмне болуп жатат
— антибиотиктер жана эттин сапаты тууралуу чындык
— Arashan Meat бизнеси ичинен кандай иштейт
— жана “ийгилик” дегендин артында эмне турат

Бул акча, коркуу жана жашоону өзгөрткөн тандоо тууралуу ачык маек.

Акчасана подкаст — финансылык сабаттуулук, билим жана инвестициялар тууралуу №1 подкаст.

0:00 — Тизер
3:03 — Кыргызстандагы мал чарбачылык жана базар баалары
4:37 — Инфляциянын мал баасына тийгизген таасири
6:25 — Чет өлкөдөн алып келинген малдар жана атаандаштык
8:06 — Малдарда дары-дармек жана антибиотиктердин колдонулушу
10:04 — Фермерлердин аброю жана продукциянын сапатынын мааниси
14:43 — Сүт азыктарында антибиотиктерди текшерүү
17:43 — Мал чарбачылык бизнесине кирүү жана алгачкы кадамдар
20:42 — Мал сарайларын куруу жана шарттарды түзүү
24:05 — Arashan Meat деген ат кайдан чыкты?
26:34 — Санарип маркетинг жана Instagram’дын бизнестеги ролу
30:14 — Фермер чарбасында жаңы иштөө маданияты
33:54 — Нурсултандын кардарлары кандай?
37:26 — Атка болгон сүйүү жана көк бөрү аттарынын баасы
41:41 — 100 миң доллар карыз маселелери
50:52 — Намаз жана руханий жактан жаңылануу тажрыйбасы
1:13:00 — Руханий дүйнөнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
1:21:40 — Business Camp 
1:25:38 — Президент кубогундагы ийгиликтер жана спортко болгон кызыгуу
1:38:12 — Келечек пландар жана жаңы ферманын курулушу
1:43:08 — Фермерлердин киреше табуу мүмкүнчүлүктөрү
1:47:01 — Коңшу өлкөлөргө эт экспорттоого тыюу салуу
1:52:58 — Кыргызстандын бренди катары мал продукциялары
1:57:32 — Малдын ден соолугуна жана тазалыгына кепилдик берүү
2:04:10 — Мал — эң кирешелүү инвестициябы?
2:17:21 — Патриотизм жана Кыргызстандын келечеги тууралуу насааттар
2:23:28 — Жыйынтык жана коштошуу сөздөрү

Подкасттын өнөктөштөрү: Mbank жана Bublik.

Подкасттын алып баруучусу жана автору: Кемель Мекен https://www.instagram.com/kemel_meken/

Подкасттын коногу: Нурсултан Ниязбек https://www.instagram.com/nursultan.pro.myaso/

Production: Antares Creative Group https://www.instagram.com/antares_group/

Башкы продюсер: Азиз Хасанов https://www.instagram.com/ahasanov/

Аткаруучу продюсер: Сезим Адыран https://www.instagram.com/chuvstvvo/

Режиссер-оператор: Данияр Ерназаров https://www.instagram.com/marchmontana/

Биздин Инстаграм: https://www.instagram.com/akchasana_podcast/
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!