Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) тариздөөнү санариптештирүүнүн мааниси тууралуу айтып берди.
Ал белгилегендей, санариптештирүү аркылуу товарлардын жүгүртүүсү көзөмөлгө алынып, көмүскө экономика кыскарып, бюджетке түшүүлөр көбөйүүдө. Ошондой эле бул система салыктык тартипти бекемдөөгө жана ишкердик чөйрөдө ачык-айкындуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзүүдө.
Алмамбет Шыкмаматов ЭЭФ системасын мындан ары да өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи. Бул багыттагы санариптик чечимдер бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, кызмат көрсөтүүлөрдү жеңилдетет жана убакытты үнөмдөөгө жардам берет.