🎥 ВИДЕО — Бул чыгарылышта улуттук суусундуктарды өндүрүүчү белгилүү бренд — "Шоро" компаниясынын аткаруучу директору Чолпон Рахимдинова компаниянын түптөлүү тарыхы, алгачкы кадамдары жана кыргыз элинин улуттук суусундуктарын заманбап форматта өндүрүп, рынокко алып чыгуудагы негизги миссиясы тууралуу кеңири баяндап берди.
Маектин жүрүшүндө компаниянын бүгүнкү жетишкендиктери, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү, сапат стандарттарын сактоо багытындагы иштери, инновациялык долбоорлору жана ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымы тууралуу сөз болду. Ошондой эле улуттук бренддин ички жана тышкы рыноктогу орду, атаандаштыкка туруштук берүү тажрыйбасы жана келечектеги өнүгүү багыттары тууралуу да кызыктуу маалыматтар берилди.
Мындан тышкары, ири жана ак ниет салык төлөөчү катары компания мамлекет тарабынан каралган салыктык жеңилдиктердин бизнес чөйрөсүнө тийгизген оң таасири, ишкердикти кеңейтүүдөгү мааниси жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болуп жаткан мүмкүнчүлүктөр тууралуу өз тажрыйбасы менен бөлүштү.
📌 Улуттук бренддин өнүгүү тарыхы, жетишкендиктери жана келечекке болгон пландары тууралуу толук видеону расмий YouTube каналыбыздан көрө аласыздар.