►Бул чыгарылышта биз менен кыргыз футболунун легендаларынын бири, FIFA деңгээлиндеги белгилүү калыс Бахадыр Кочкоров болду.
Биз анын үйүндө болуп, футболдук коллекцияларын, эл аралык турнирлерден алган сыйлыктарын жана баалуу эстеликтерин көрдүк. Маекте Бахадыр мырза калыстыктагы көп жылдык тажрыйбасы, FIFAдагы ишмердүүлүгү, дүйнөлүк футбол жылдыздары менен болгон жолугушуулары жана футболдун көшөгө артындагы дүйнөсү тууралуу айтып берди.
Ошондой эле калыстар сатылып кетеби, VAR системасы футболду өзгөрттүбү, футболго саясат аралашабы, калыстар кандай текшерүүдөн өтөт жана алардын жоопкерчилиги канчалык оор деген суроолорго жооп берди.
Мындан тышкары, Криштиану Роналду тууралуу кызыктуу окуялар, Зепп Блаттердин сунушу, дүйнөлүк футболдогу өзгөрүүлөр жана Кыргызстандагы футболдун келечеги жөнүндө сөз болду.
Бул чыгарылыш футбол сүйүүчүлөрү үчүн гана эмес, ийгиликке жетүүнүн баасын билгиси келген ар бир адам үчүн кызыктуу маек болду.
———————————————————————————
► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr
———————————————————————————
► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык
Оператор: Ажыканов Калыс
Редактор: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзүндүлөр: Карыпбаев Мээриман
———————————————————————————
► Тайм-коддор
0:00 Анонс
1:21 Башталышы
2:10 Бахадыр Кочкоровдун үйү
11:53 Сыйлыктары
13:20 Кымбат коллекциялары
23:16 260 000 долларлык топ
26:45 Официалдуу эмблемалар
27:20 Эмне үчүн калыстык кылуу чоң жетишкендик?
28:52 Калыстар сатылып кеткени чынбы?
30:20 Калыстыктан кооз кеттим
34:44 Туулуп-өскөн жери
39:05 Блаттер Швейцарияга көчүүнү сунуштаган
43:16 Футбол саясат эмес
44:22 Футбол баркын жоготтубу?
46:09 Футболдо саясат болбош керек
49:12 Ынтымакты түзүүчү спорт
51:47 Чемпионаттарда саясат аралашабы?
1:00:21 Футболго кызыгуу качан башталды?
1:03:16 Адам өзүнө өзү баа бере албайт
1:05:17 Футболист болуу кыялы барбы?
1:08:39 Көп өлкөдө досторум бар
1:09:34 Китеп жаз деп сунуштагандар бар
1:10:41 Калыстыкта жоопкерчилик оор
1:13:13 Жылдыздар калыска эмнелерди айтат?
1:14:17 Футболдо чыныгы оюнду көрсөтүш керек
1:17:08 VAR футболду өлтүрөт деген ойдон кайттыбы?
1:20:03 VAR туура чечим кабыл алганды үйрөттүбү?
1:25:55 Калыстар коррупцияга барабы?
1:26:55 FIFA мурда кандай гонорар төлөчү?
1:31:54 Калыстар кайсы жактан акча табышат?
1:36:46 Криштиану Роналдунун сөйкөсүн алдыргам
1:37:30 Эсте калган оюнчу
1:39:04 Криштиану Роналдунун адамгерчилиги бар
1:40:28 Калыстар катаал текшерүүдөн өтөт
1:42:17 Катаал тартиптен ар бири өтүш керек
1:43:14 Чемпиондукту ким алат?
1:44:02 Конкурс
1:49:25 Жыйынтыктоо
1:51:00 «Калыс сатылды» деген караңгылыктан чыгыш керек