Төкмө акындарды кандай тагдыр күтүп турат? | Нурсултан Малдыбаев | Накта Подкаст

21/06/2026
129
►Бул чыгарылышта биз менен белгилүү төкмө акын Нурсултан Малдыбаев болду.

Маекте Нурсултан мырза бала чагы, алгачкы эмгек жолу, базар мектебинин жашоосуна жана төкмөлүк өнөрүнө тийгизген таасири тууралуу айтып берди. Ошондой эле айтышка кантип келгенин, биринчи домбрасы, алгачкы айтыштагы толкундануулары жана устаттарынан алган эң маанилүү сабактары тууралуу кызыктуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө айтыштагы сөз эркиндиги, акындардын коомдогу орду, элдин үнүн бийликке жеткирүүдөгү ролу, казак-кыргыз айтышы жана чыгармачыл адамдардын жоопкерчилиги тууралуу терең маек болду.

Ошондой эле көрүүчүлөрдү кызыктырган суроолордун бири — Нурайым Акылбекова менен мамилеси эмне үчүн жашыруун болгон, чыгармачыл үй-бүлөнүн өзгөчөлүктөрү, коомдук сын-пикирге болгон мамиле жана акындын жеке жашоосу тууралуу ачык жооптор берилди.

Бул чыгарылышта айтыш өнөрү, чыгармачылык, үй-бүлө, жоопкерчилик жана акындык жолдун көрүнбөгөн жактары тууралуу кенен сөз болот.

———————————————————————————

► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr

———————————————————————————

► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык 
Оператор: Ажыканов Калыс
Редактор: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзүндүлөр: Карыпбаев Мээриман

———————————————————————————
► Тайм-коддор
0:00 Башталышы
2:12 Шаарга кетүүгө туулган жер түрткү бердиби же эркиндикпи?
6:40 Шаардык балдар айылды көбүрөөк эңсейби?
7:56 Бала чагындагы өзгөчө кылык-жоруктары
10:15 Өнөр кайдан келет?
12:20 Алгачкы иши
13:57 Базар мектеби төкмөлүккө таасир бердиби?
17:34 Эң биринчи кайсы акындын ырларын уккан?
19:17 Алгачкы домбрасынын баасы кандай болгон?
23:24 Айтышка эң биринчи качан чыккан?
25:25 Биринчи айтыштан кийинки сезимдер
26:53 Устатынан алган эң оор, бирок таасирдүү сабак
28:56 Устаттар көз карашка да таасир береби?
30:11 Устаттар менен келишпестик болуп калабы?
31:13 Айтышта сөз эркиндиги барбы?
35:14 Акындар элдин үнүн бийликке жеткире алабы?
38:18 Казактар менен онлайн айтыш тууралуу
40:22 Акынга элдин колдоосу маанилүү
41:01 Казактар менен кыргызча айтышуу
44:22 Казактын кайсы акынын чакырмак?
45:07 Алгачкы жеке концерт
47:44 Эл акынды кантип тандайт?
49:13 Нурайым Акылбекова менен эмнеге мамилесин жашырды?
50:19 Эки чыгармачыл адамдын үй-бүлөсү кандай?
51:38 Үй-бүлөгө эл таасир этеби?
53:39 Сахна адамдарынын батасы маанилүүбү?
59:26 Элдин сынын көтөрүүгө туура келет
1:01:55 Акындыкты таштайм деген ойлор болгонбу?
1:04:53 Акындарга эмне эргүү берет?
1:07:50 Кыздар менен айтышууда ооруйбу?
1:11:11 Кыздар менен айтышуу оорбу же мырзалар мененби?
1:12:21 Сынчыл аудитория душманбы же күзгүбү?
1:17:06 Акындар жаттап айтышабы?
1:21:53 Жаңы обон тапкан акындар жокпу?
1:23:10 Таланты күчтүү, бирок адамгерчилиги начар болсо...
1:25:14 Элге жагынуу сахна адамында болобу?
1:26:04 Бүгүнкү күндө акындын ролу кандай?
1:28:29 Акын деген ким?
1:33:20 Жыйынтыктоо
1:34:34 Аягы
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!