Бул чыгарылышта конокто Кыргызстандын эң көп талкууланган реалити-шоу — «Жаштар сыры» долбоорунун алып баруучулары Тыныстан, Каныкей жана Нурсултан болду.
«Жаштар сыры» — Кыргызстандагы алгачкы реалити-шоу. Анда кыздар менен жигиттер бир үйдө чогуу жашап, бири-бирин таанып, мамиле куруп, өздөрүнүн чыныгы эмоцияларын көрүүчүлөр менен бөлүшүшөт.
Бул чыгарылышта биз долбоор тууралуу, анын эмне үчүн ушунчалык популярдуу болуп кеткенин жана көрүүчүлөр эмне үчүн катышуучуларды жакшы көрүп калганын сүйлөштүк. Конокторубуз да долбоордогу тажрыйбасы, кызыктуу окуялары жана эфирден сыртта калган учурлар тууралуу айтып беришти.
Ошондой эле чыгарылыштын аягында конокторубуз менен блиц-суроолорду өткөрүп, мамиледе алар үчүн эмне кабыл алынарын, ал эми эмнелер эч качан кабыл алынбай турганын билдик.
Жыйынтыгында абдан жеңил, көңүлдүү жана чын жүрөктөн болгон маек чыкты. Тамашага, кызыктуу окуяларга жана жылмайта турган көз ирмемдерге бай бул чыгарылышты сөзсүз көрүңүз!
Жакшы көрүүлөрдү каалайбыз! Анан сөзсүз комментарийге жазыңыздар: «Жаштар сырын» көрдүңүздөр беле? Сиздердин эң жакшы көргөн катышуучуңуздар ким болгон?
_____
💗 Твоя вселенная O! — целый мир сервисов в одном приложении.
Управляйте интернетом, пользуйтесь банковскими услугами, совершайте покупки и получайте бонусы в одном приложении «Мой О!».
Скачивайте по ссылке ⤵️