Элмирбек менен Аалыдай акындар эми чыкпайбы?… | Кутман Садыбакасов | Накта Подкаст

05/07/2026
138
Бул чыгарылышта бизде конок — төкмө акын Кутман Садыбакасов.

Бул маекте Кутман мырза чыгармачылыкка болгон сүйүүсү, бала чагы, туулуп-өскөн жери, айтышка кантип келген жолу жана өнөр дүйнөсүндөгү эң маанилүү сабактары тууралуу кеңири ой бөлүштү.

Ошондой эле бүгүнкү күндөгү төкмө акындардын орду, айтыштагы акыйкат, устат менен шакирттин мамилеси, жаш акындардын көйгөйлөрү, цензура, тил маселеси, үй-бүлө, дин жана чыгармачылык тууралуу ачык пикирлер айтылды.

Бул чыгарылышта сиз төмөнкү темаларга жооп табасыз: • Айтышка алгачкы кадамдар кандай башталган? 
• Төкмө акындардын коомдогу ролу өзгөрдүбү? 
• Акындар бийликти сындай алабы? 
• Эмне үчүн жаш акындардын арасында талант көп болгону менен кыйынчылыктар да бар?
• Устат менен шакирттин мамилеси кандай болушу керек? • Айтышта цензура барбы? 
• Үй-бүлө жана дин чыгармачылыкка кандай таасир берет?

———————————————————————————

► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr

———————————————————————————

► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык 
Оператор: Ажыканов Калыс
Редактор: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзүндүлөр: Карыпбаев Мээриман

———————————————————————————
► Тайм-коддор
0:00 Анонс
1:20 Башталышы
1:42 Отто туулуп-өстүм
2:10 Дүйнөнүн артынан куубайм
3:18 Чыгармачылык колумдан жакшы келет
3:57 Чыгармачылыкка болгон сүйүү
4:33 Туулуп-өскөн жери
5:26 Ажырагыс достук
5:50 Жети бир туугандын алтынчысы
7:04 Айтыштын кумары күчтүү
8:02 Акындар адилеттүүлүккө үндөйбү?
8:47 Чыгармачыл үй-бүлөнүн баласымын
9:21 Акындар пахтакор болуп калдыбы?
10:22 Акыйкаттуулук деген эмне?
11:00 Бала – үй-бүлөнүн керемети
14:55 Чыгармачылыктан башка нерсени билбейм
17:57 «Манас» эпосунун таасири
18:38 Башталышы (2-бөлүк)
27:48 Акындыкка алгачкы кадамдар
30:03 Нурсултан Малдыбаев менен достугу
34:26 Эң алгачкы айтышы
36:34 Айтыштын эмнеси өзгөчө?
38:03 Төкмө акындын ролу өзгөрүп калдыбы?
40:17 Акындар пахтакор болуп кеттиби?
43:03 Жаш акындар тез эле популярдуу болуп жатабы?
46:11 Акын үчүн баш байгенин мааниси кандай?
48:22 Төкмө акындар акчаны кайдан табышат?
51:02 Устаттарынын саны канча?
52:54 Азыркы жаштарда талант көп, бирок...
54:49 Устат менен шакирттин мамилеси кандай болуш керек?
59:22 Жаш муун жаңы обон таба албай жатабы?
1:01:05 Акындардын орус тилин кошуусу туурабы?
1:02:41 Айтышта цензура пайда болдубу?
1:05:29 Үй-бүлөдө диндин орду
1:13:38 Үй-бүлө куруу кандай экен?
1:17:25 Ырчылык өнөр
1:20:43 Эң кыйын аткарылган чыгарма — Барпынын обону
1:23:12 Жыйынтыктоочу суроолор
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!