Эң бай төкмө акын канча акча табат? | Баян Акматов | Накта Подкаст

02/08/2026
84
Бул чыгарылышта биз менен белгилүү төкмө акын, комузчу Баян Акматов.

Баян Акматов - айтыш өнөрүндө өзүнүн өзгөчө стили, тайманбас сөзү жана күтүүсүз ойлору менен айырмаланган чыгармачыл инсан. Ал сахнада гана эмес, жашоодо да өз позициясын жашырбай, коомдогу маанилүү маселелер тууралуу ачык айтып келет.

Бул маекте Баян мырзанын эл тааныган акындын артындагы адамдык жүзүн ачууга аракет кылдык. Анын балалыгы, чыгармачылыкка болгон мамилеси, үй-бүлөсү, ишеними жана жашоого болгон көз карашы тууралуу ачык жана терең маек болду.

Ошондой эле бүгүнкү айтыш өнөрүнүн абалы, акындын коомдогу орду жана чыгармачыл адам көтөргөн жоопкерчилик тууралуу сөз кылдык.

Тамаша, курч пикирлер жана күтүүсүз жооптор коштолгон кызыктуу чыгарылышты аягына чейин көрүңүз.

———————————————————————————

► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr

———————————————————————————

► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык 
Оператор: Ажыканов Калыс
Редактор: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзүндүлөр: Карыпбаев Мээриман

———————————————————————————
► Тайм-коддор
0:00 Башталышы
3:42 Балалыгы
7:03 «Сүрөтчүнүн баласымын»
8:52 Сүрөтчүлүк өнөр тууралуу
10:08 Чыгармачыл адам үй-бүлөсүн бага албайбы?
11:28 90-жылдардагы кыйынчылыктар
14:00 Баян Акматовду Майрам Акаева колдогонбу?
16:37 Баян Акматов өз оюн айтуудан эмнеге коркпойт?
17:59 Акындарга кысым пайда болдубу?
20:54 Дүйнөдөгү эң сонун аялдын үлгүсү
22:34 «Апакем» ыры кантип жаралган?
24:03 Балдарды тарбиялоо тууралуу
26:58 Бир туугандардын көз карашы эмнеге ар башка болот?
28:44 Баян Акматов динге кантип келген?
33:41 Комуз арамбы же адалбы?
37:17 Дин менен чыгармачылык карама-каршыбы?
39:34 Төкмө акындардын дин үчүн бөлүнүүсү туурабы?
40:54 Баян Акматов төкмө акындардан четтеп калдыбы?
43:28 Комуз менен алгачкы таанышуу
47:12 Комуз уурдаган окуя
48:29 Кыргыз-казак айтышы эмнеге кызыксыз болуп калды?
50:25 Атасынын жолун улантуудан баш тартканы эмнеге алып келди?
53:21 Кыз-жигит айтышындагы 18+ темалар
55:05 Атасы менен чогуу намаз окуу кыялы
57:39 Комузду үч айда өздөштүрүп, башкаларга үйрөтө баштагам
59:52 Мектептеги окутуу системасынын көйгөйлөрү
1:05:41 Айтышты өнүктүрүүнүн жолдору
1:07:18 Акындын коомго кандай пайдасы бар?
1:08:46 Акындар тууралуу суроолор
1:10:31 Баян Акматов акын эмес, шоумен болуп калдыбы?
1:13:16 Азыркы акындардын максаты кандай?
1:14:56 «Алтын комузду» алган акын эң мыкты болуп саналабы?
1:19:04 «Башкы байгени ута берип байып кеттим»
1:21:01 Айтыштагы калыстар кантип баалашат?
1:24:03 Англис тилинде төккөн акын
1:25:52 Баян Акматов орус тилинде төгөбү?
1:27:13 Баян Акматов балык салгысы келет
1:29:51 Төкмө акындардын алдын ала жазып даярданганы туурабы?
1:33:33 Баян Акматовдун айтышка болгон таарынычы
1:36:59 Кыргыздар лидерлерге муктажбы?
1:37:41 Устаттык жана шакирттик
1:41:58 Эң перспективдүү жаш акындар кимдер?
1:44:04 Жыйынтыктоочу суроолор
1:48:39 Подкаст тууралуу төгүү
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!