Камчы Кольбаев сөзүнө турган жок / Менин калган мүлкүмдү сот алып койгон атат / Кубан Ажимудинов

03/08/2026
93
«Акнетти» кимдер жана кантип тартып алган? Кубан Ажымудиновдун баяны

Бүгүнкү подкастыбыздын коногу — «Акнет» компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы башкы директору Кубан Ажымудинов.

Бул чыгарылышта ал Кыргызстандын телекоммуникация тармагындагы эң ийгиликтүү компаниялардын бири кантип көп жылга созулган күрөштүн, кылмыш иштеринин, басымдын жана мүлк талаштарынын чордонунда калганын өз көз карашы менен кеңири баяндап берди.

Кубан Ажымудинов «Акнетти» дээрлик жок жерден түптөп, өлкөнүн интернет инфраструктурасын өнүктүрүүгө, байланыш кызматтарын аймактарга жана айылдарга жеткирүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана мамлекетке ири көлөмдө салык төлөөгө кандай салым кошконун айтып берди.

Анын айтымында, компанияга каршы күрөш алгач криминалдык чөйрөгө байланышы бар адамдардын басымынан башталган. Ажымудинов бул процессти «каралардын рейдерлиги» деп мүнөздөп, анын артында Камчы Көлбаев башында турган кылмыштуу топтун өкүлдөрү турганын билдирет.

Кийинчерээк, ишкердин айтымында, компанияга каршы күрөшкө мамлекеттик органдардын айрым өкүлдөрү да аралаша баштаган. Ал бул этапты «кызылдардын рейдерлиги» деп атап, басымды күчөтүү боюнча тапшырма ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан берилгенин ырастайт.

Подкастта Кубан Ажымудинов өзүнө карата козголгон кылмыш иштери, камактагы басым, психологиялык жана физикалык кысым, ошондой эле мамлекеттик системанын айрым өкүлдөрүнүн аракеттери тууралуу айтып берди.

Ал белгилүү бир учурда компанияны сактап калуу жана анын айланасындагы талаш-тартышты токтотуу үчүн «Акнетти» мамлекетке өз ыктыяры менен өткөрүп берүүгө даяр болгонун да түшүндүрдү. Бүгүнкү күндө компания мамлекеттин карамагында турат. Бирок Ажымудиновдун айтымында, муну менен ага карата жасалган адилетсиздик жана куугунтук токтоп калган жок.

Маекте Камчыбек Ташиевдин ролу тууралуу да сөз болду. Кубан Ажымудинов бийлик алмашкандан кийин деле басым уланып, анын мүлкү жана активдери үчүн күрөш жаңы саясий шартта дагы токтобогонун билдирет.

Ишкердин айтымында, учурда сот аркылуу анын өзүндө жана үй-бүлөсүндө калган акыркы мүлктөрүн да тартып алуу аракети жүрүп жатат. Өзү түптөп, жылдар бою өнүктүргөн компания мамлекеттин карамагына өткөндөн кийин, эми ал үй-бүлөсүндө калган мүлктөн да ажырап калуу коркунучунда турганын айтат.

Бул подкастта Кубан Ажымудинов президент Садыр Жапаровго түз кайрылып, өзүнүн ишин жеке көзөмөлүнө алууну, болгон окуялардын бардык жагдайларын калыс иликтөөнү, мыйзамсыз аракеттерди токтотууну жана адилеттүү соттук териштирүүнү камсыз кылууну өтүнөт.

Бул — бир гана ишкердин же бир гана компаниянын тарыхы эмес. Бул — Кыргызстандагы рейдерлик, кылмыштуу чөйрө менен мамлекеттик органдардын айрым өкүлдөрүнүн таасири, бийликтин корпоративдик талаштарга аралашуусу жана адамдын системага каршы көп жылдык күрөштөн кийин адилеттикке жете алабы деген оор суроолор тууралуу ачык маек.

Подкастта айтылган бардык билдирүүлөр, айыптоолор жана баалоолор Кубан Ажымудиновдун жеке позициясы болуп саналат. Маекте аты аталган адамдар жана тараптар бул окуялар боюнча өз жүйөлөрүн жана көз карашын билдирүүгө укуктуу.


#жаңылык #кыргызстан #exclusive
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!