Уважаемые налогоплательщики!
Процесс подачи отчета по налогу с продаж (НсП) стал значительно удобнее благодаря функции автоматического формирования отчетов в Кабинете Налогоплательщика.
Просто следуйте пошаговой инструкции:
1️⃣ Перейдите в раздел «Е-отчеты» → «Настройки автоформирования отчетов».
2️⃣ Ознакомьтесь с информацией о работе сервиса.
3️⃣ Нажмите «Новое соглашение».
4️⃣ В открывшемся окне выберите раздел «Налог с продаж», укажите вид субъекта (малый, средний, крупный бизнес) и вид отчета.
5️⃣ Укажите код УГНС и нажмите «Сохранить».
📅 Отчет будет сформирован автоматически 18 числа месяца, следующего за отчетным периодом, на основе данных из ЭСФ.
Найти его можно в разделе «Е-отчеты» → «Журнал электронных отчетов».
🔍 В графе «Сформирован автоматически» появится отметка «Да» — Вы сможете ознакомиться с данными, распечатать или сразу отправить отчет в ГНС.
⚠️ Если Вы не согласны с автоматически сформированными данными, удалите отчет и создайте новый вручную.
🗓 Не забывайте: отчет по НсП необходимо подать до 20 числа месяца, следующего за отчетным периодом.
---
📌Сатуудан алынуучу салык (САС) боюнча отчетту автоматтык түрдө түзүү эми ого бетер жеңил!
Урматтуу салык төлөөчүлөр!
Сатуудан алынуучу салык боюнча отчетту тапшыруу кыйла жеңилдеди. Эми Салык төлөөчүнүн кабинетинде отчетту автоматтык түрдө түзүү функциясы жеткиликтүү.
Төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:
1️⃣ «Е-отчеттор» бөлүмүнө өтүп → «Отчетторду автоматтык түзүүнүн жөндөөлөрү» бөлүмүн тандаңыз.
2️⃣ Сервистин иши тууралуу маалымат менен таанышыңыз.
3️⃣ «Жаңы макулдашуу» баскычын басыңыз.
4️⃣ Ачылган терезеде "Сатуудан алынуучу салык" бөлүмүн тандаңыз, субъекттин (чакан, орто, ири бизнес) жана отчеттун түрүн көрсөтүңүз.
5️⃣ Иш жүргүзгөн МСКБнын кодун белгилеп, «Сактоо» баскычын басыңыз.
📅 Отчет автоматтык түрдө отчеттук мезгилден кийинки айдын 18де ЭСФ маалыматтарынын негизинде түзүлөт
Даяр болгон отчетту "Е-отчеттор" → "Электрондук отчеттор журналы" бөлүмүнөн табууга болот.
🔍 "Автоматтык түрдө түзүлгөн" деген графада "Ооба" деген белги пайда болот. Сиз маалыматтар менен таанышып, отчетту басып чыгара аласыз. Ошондой эле дароо Салык кызматына жөнөтө аласыз.
⚠️ Эгер отчеттун ичиндеги маалыматтар туура эмес деп эсептесеңиз, аны өчүрүп , жаңы отчетту кол менен түзсөңүз болот.
🗓 Эскерте кетсек, САС боюнча отчетту отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сына чейин тапшыруу керек.