ГИПЕРТОНИЯ ООРУСУ
Гипертония оорусу артериялык кан басымдын 140/90 мм сым. мам. узакка жана туруктуу жогорулашынан улам пайда болуучу жүрөк-кан тамыр системасынын өнөкөт оорусу 🫀
Көп учурда гипертония оорусу 55 жаштан жогорку курктагы адамдарда пайда болот, ал эми акыркы кездерде бул оору андан дагы жаш курактарда кездешүүдө.
Гипертония оорусунун өөрчүүсүнө төмөндөгү тобокелчилик факторлору көмөктөшөт:
💔 жүрөк ооруларына карата тукум куучулук жакындык,
💔 ашыкча салмак
💔 майлуу жана түздүү азыктар менен тамактануу,
💔 чылым чегүү жана алкоголь ичимдигин ашыкча ичүү,
💔 стресстер,
💔 аз кыймылдоо.
Оору баштапкы баскычында баш оору, баштын айлануусу, кулактын дүңгүрөшү, көздүн алдында «чымындардын» элес-булас көрүнүшү, көздүн көрүүсүнүн бузулушу, жүрөктуштагы ооруксунуу түрүндө пайда болот.
Көп учурда адамдар алардын кан басымы жогору экендигин билишпейт, анткени ал эч кандай билинбейт. Көпчүлүк адамдар дарыгерге башка оорулар боюнча кайрылган учурда гана оору тууралуу билип калышат.
Өзүн жакшы сезген учурларда дагы артериялык кан басымды үзгүлтүксүз ченеп туруу зарыл. Кан басымды ченөө үчүн жабдуу (тонометр) ар бир үй-бүлөдө болууга тийиш. Артериялык кан басымды ҮДТ/ФАПтан өлчөөгө болот 🩺
Эгерде «гипертониялык оору» аныктамасы коюлган болсо, дарыгердин сунуштарын аткарып жана дары каражаттарды өмүр бою үзгүлтүксүз ичип жүрүү керек.
Дары каражаттарын ичүүнү өз алдынча токтотуу жана алардын өлчөмүн өзгөртүү оорунун курчушуна алып келе тургандыгын билүү маанилүү.