Разделение отпуска на части и отзыв из отпуска.
⠀
Разъяснения на кыргызском и русском языках
⠀
75-берене. Акы төлөнүүчү ар жылдык өргүүнү бөлүктөргө бөлүү. Өргүүдөн чакыртып алуу
⠀
Кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн.
⠀
Мында бир бөлүгү 14 календардык күндөн кем эмес болууга тийиш.
⠀
Кызматкерди өргүүдөн анын макулдугу менен гана чакыртып алууга жол берилет.
⠀
Өргүүнүн ушуга байланыштуу пайдаланылбай калган бөлүгү кызматкердин тандоосу боюнча учурдагы жумуш жылы ичинде ага ыңгайлуу болгон убакта берилүүгө же кийинки жумуш жылы үчүн өргүүгө кошулууга тийиш.
⠀
18 жашка чейинки кызматкерлерди, кош бойлуу аялдарды жана эмгектин зыяндуу жана (же) кооптуу шарттарындагы жумуштарда иштеген кызматкерлерди өргүүдөн чакыртып алууга жол берилбейт.
⠀
По соглашению между работником и работодателем ежегодный оплачиваемый отпуск может быть разделен на части.
⠀
При этом одна часть должна быть не менее 14 календарных дней.
⠀
Отзыв работника из отпуска допускается только с его согласия.
⠀
Неиспользованная в связи с этим часть отпуска должна быть предоставлена по выбору работника в удобное для него время в течение текущего рабочего года или присоединена к отпуску за следующий рабочий год.
⠀
Не допускается отзыв из отпуска работников до 18 лет, беременных женщин и работников, занятых на работах с вредными и (или) опасными условиями труда.