Оффлайн:
г. Бишкек, ул. Юсупа Абдрахманова, 196
Национальный Музей Изобразительных Искусств им. Гапара Айтиева
4-апрелде Бишкек шаарындагы Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде XX кылымдагы концептуалдык искусство тууралуу лекция өтөт.
Лекцияны искусствовед, арт-менеджер жана куратор Акжибек Бейшебаева өткөрөт. Иш-чара дүйнөлүк сүрөт искусствосунун тарыхына арналган курстун алкагында уюштурулуп, экспрессионизмден концептуализмге чейинки негизги көркөм багыттарды камтыйт.
Катышуучулар XX кылымдагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн чыгармалары жана негизги искусство агымдары тууралуу маалымат алышат. Ошондой эле доордун визуалдык тилинин калыптанышына архитекторлордун салымы тууралуу сөз болот.
Кирүү баасы:
чоңдор үчүн — 300 сом;
студенттер үчүн — 80 сом (студенттик билетти көрсөтүү менен)
окуучулар үчүн — 40 сом.
Лекциянын билети менен музейдеги көргөзмөлөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
Дареги: Бишкек ш., Ж. Абдрахманов көч.,196, 1-кабат, кинозал.
Узактыгы: 1-1,5 саат.
Башталашы: 14:00