Г. АЙТИЕВ АТЫНДАГЫ МУЗЕЙДЕ ЗАМАНБАП ИСКУССТВО БОЮНЧА АЧЫК ЛЕКЦИЯ ӨТӨТ
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи заманбап искусствого арналган ачык лекция өтөт.
Лекция заманбап искусствонун (постмодернизмдин) өзгөчөлүктөрүнө, анын коомдогу ордуна жана искусство түшүнүгүнүн чегин кеңейтүүдөгү ролуна арналат. Катышуучулар стандарттан тышкаркы чыгармачылык чечимдер, жаңы формадагы өзүн билдирүү ыкмалары жана бул агымдын дизайн, архитектура жана мода тармактарына тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат алышат.
Иш-чаранын алкагында дүйнөгө белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери талданат. Алардын катарына Джефф Кунс, Такаси Мураками, KAWS, Яёи Кусама, Аниш Капур, Ай Вейвей, Кристо жана Жан-Клод, Фернандо Ботеро, Ширин Нешат, Марина Абрамович жана Бэнкси сыяктуу авторлор кирет. Алардын чыгармачылыгы заманбап искусствонун өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп, бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ.
Лекцияны искусствовед, арт-менеджер жана куратор, музейдин жетектөөчү илимий кызматкери Акжибек Бейшебаева алып барат.
Көңүл буруңуздар: дүйнөлүк сүрөт искусствосунун тарыхы боюнча курстун бардык лекцияларына катышып, сертификат алуу талаптарына жооп бергендер (100% катышуу жана тиешелүү мөөрлөрдүн болушу), сураныч, бизге жеке билдирүү аркылуу толук аты-жөнүңүздөрдү жана байланыш маалыматыңызды жибериңиздер.
Күнү: 11-апрель 2026-жыл
Убактысы: 12:00
Узактыгы: 1–1,5 саат
Дареги: Бишкек ш., Ж. Абдрахманов көч., 196, музейдин 1-кабаты, кинозал
Кирүү баасы (музей билети аркылуу):
Чоңдор үчүн — 300 сом
Студенттер үчүн — 80 сом (студенттик билет менен)
Окуучулар үчүн — 40 сом
Лекциянын билети менен катышуучулар ошол эле күнү музейдеги көргөзмөлөрдү да көрө алышат.