В БИШКЕКЕ ОТКРОЕТСЯ ВЫСТАВКА ТАДЖИКСКОГО ИСКУССТВА
19 мая 2026 года в 10:00 в рамках Дней культуры Республики Таджикистан в Кыргызской Республике состоится открытие выставки «Красота Таджикистана — наследие для будущего».
Выставка будет проходить с 19 по 21 мая по адресу: ул. Ю. Абдрахманова, 196.
В экспозиции представлены произведения живописи и графики известных художников Таджикистана и молодых авторов. Работы отражают национальный колорит, философию восточной культуры, красоту природы и историческое наследие таджикского народа через современное искусство.
Мероприятие направлено на укрепление культурно-гуманитарного сотрудничества, развитие дружеских связей и популяризацию искусства народов Центральной Азии.
В открытии выставки примут участие представители творческой делегации Республики Таджикистан.
____________________________________
ТАЖИКСТАНДЫН СҮРӨТ ӨНӨРҮ БИШКЕКТЕ КӨРСӨТҮЛӨТ
2026-жылдын 19-майында саат 10:00дө Кыргыз Республикасында өтүп жаткан Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында «Тажикстандын сулуулугу — келечек үчүн мурас» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат.
Көргөзмө 19–21-май күндөрү г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде, Абдрахманов көчөсү, 196 дарегинде өтөт.
Экспозицияда Тажикстандын белгилүү сүрөтчүлөрү жана жаш авторлорунун живопись жана графика жанрындагы эмгектери сунушталат. Көргөзмө чыгыш маданиятынын философиясын, улуттук колоритти, табиятты жана тарыхый мурастарды заманбап искусство аркылуу чагылдырат.
Иш-чара эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташтыгын чыңдоого, достук байланыштарды өнүктүрүүгө жана Борбор Азия элдеринин искусствосун даңазалоого багытталган.
Көргөзмөнүн ачылышына Тажикстандын чыгармачыл делегациясынын өкүлдөрү катышат.