Бүгүнкү чыгарылыштын коногу — актер, сценарист жана продюсер Эрмек Таалайбеков.
Маекте ал бала кезден чыгармачылыкка болгон кызыгуусун, Ак-Өргө Сити командасын кантип чогултканын, Тамашоу
жана КВНден тартып кино индустриясына чейинки узак жолун, анын ичиндеги ийгиликтер менен кыйынчылыктарды ачык айтып берди.
Ошондой эле подкастта төмөнкү темаларга токтолду:
• Эрмек Таалайбековдун кино тармагындагы ийгиликтери жана жолундагы кыйынчылыктары
• Студент кезинде 2 миллион сом карызга батканы, оор учурларды баштан өткөрүп, депрессиядан кантип чыккандыгы
• Кино тартууда 25 миң доллар чыгымга учураганы, бирок чыгармачылыгын токтотпой уланткандыгы
• “50-квартал”, “Курут”, “Супер кудалар”, “Атакебай” жана башка долбоорлордун жаралышы жана идеялардын келип чыгышы
• Үй-бүлө, достор жана атаандаштык анын өнүгүүсүнө тийгизген таасири
• Келечектеги чоң проекттери
• Жаңы жанрларда кино тартып, өзүн ар тараптуу сынап көрүүсү
• “Атакебай” тасмасы — сценаристтик иштен актерлукка кайтып келишинин окуясы
• Жаңы салынган үйү
• Сценарий жазуунун сырлары жана жаңы тасмаларынын кассасы тууралуу ачык маек
Бул подкаст — кыйынчылыктан кийин да жолун тапкан, эмгектин жана чыдамкайлыктын баасын билген адамдын ачык маеги.
———————————————————————————
► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr
———————————————————————————
► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык
Оператор: Ажыканов Калыс
Редактор: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзүндүлөр: Карыпбаев Мээриман
———————————————————————————
► Тайм-коддор
0:00 Башталышы
1:44 Эмне үчүн Красавчик Эрма?
3:27 Легендардуу Ак-Орго конушуна келиши
5:16 Баарыбыз карапайым үй-бүлөдөнбүзбү?
5:45 Эмил, Саматтар менен чогуу чоңойдук
6:55 Бала кезимден чыгармачылыкка жакынмын
7:58 Чыгармачылыкка келүүгө ким түрткү болду?
10:18 Таза кыргызбы?
11:11 Доктур менен электриктин үй-бүлөсүндө тарбияландым
12:31 Үйдүн эрке баласымын
14:07 Тамашоуго кантип келишти?
16:38 Тамаша жазуу талантпы же үйрөнсө болобу?
18:34 Тамашаны кантип жазат?
21:45 Тамашоудо 5 сезон ойнодук
23:04 Популярдуу адамды кантип тааныдыңыз?
23:46 Эмиль менен Саматтын көлөкөсүндө калдыбы?
26:03 «Атакебай» тасмасы тууралуу
27:08 Сценаристтин милдети эмнеде?
28:43 100 доллар стипендия алчумун
29:42 Дипломдук ишимди 5-класста аткарып койгом
31:01 Кесибим боюнча инженермин
32:43 КВНге катышуусу
34:23 Тамашоудон кеткенде ызаландым
36:03 Эмнеге Тамашоудон кетти?
37:18 КВНде тамаша жаздыбы?
38:02 КВН эмнени берди?
40:25 Киного жол
41:55 25 000 доллар минуска кеттим
43:40 Тасмалардын сценарийи кантип жазылат?
45:38 Тасмалардын рейтинги кандай?
47:34 Курут тасмасы тууралуу
49:17 50-кварталдын түзүлүшү
51:15 2 миллион сомго карыз болдум
56:25 Супер кудалардын бюджети
57:26 Эмне үчүн 50-квартал?
59:53 Юмор бизди туура жолго салды
1:01:54 Кинолордун эл билбеген сыры
1:07:03 «Кошунаны тандабайт» алгачкы сериал
1:11:07 Сценарист катары кайсы кино жагат?
1:16:19 Кинодон башка бизнестерим бар
1:17:55 Жаңы салынган үйү тууралуу
1:20:43 Алдыда кандай пландар бар?
1:23:37 Тасма тартуу үчүн эмнеден башташ керек?
1:25:27 Жыйынтыктоо
1:27:44 Аягы