Руслан Акундун артында ким турат? | Накта Подкаст

22/03/2026
162
► Бул жолку чыгарылышыбыздын коногу — кыргыз кино дүйнөсүнүн өзгөчө үнү, белгилүү режиссёр Руслан Акун.

Бул маекте Руслан Акун өзүнүн жеке жашоосу, чыгармачылык жолу, ийгиликке жеткирген чечимдери жана эл билбеген окуялары тууралуу абдан ачык маек курду.

Алгачкы кыялдарынан тартып, окуу жолундагы кыйынчылыктар, АУЦАга өтүү үчүн 350 доллар чогултканы, режиссёр болуу чечимине атасынын каршылыгы, жашоосундагы оор сыноолор — бул чыгарылышта баары бар.
Ошондой эле Руслан Акун үй-бүлө, баланы тарбиялоо, жубайынын колдоосу, жашоону өзгөрткөн трансформациясы тууралуу да терең ойлорун бөлүштү.

🎬 Маекте төмөнкү маанилүү темалар көтөрүлдү:
— Эмне үчүн окуусун таштап кеткен?
— Университет билим береби же чөйрө тандайбы?
— Кыргыз кинолору бүгүн эмнеге окшош?
— Блогерлер актерлордун ордун басып жатабы?
— Актёрлордун “кара тизмеси” деген эмне?
— Кино мамлекетке жана коомго чындап таасир бере алабы?
— Эмне үчүн «Нелегал» Мексикада тартылган эмес?
— «Салам, Нью-Йорк», «Бейиш», «Акыркы сабак», «Апамды издеп», «Агай» сыяктуу тасмалар кандай жаралган?

Бул маек аркылуу сиз бир гана режиссёрду эмес, кыйынчылыктан коркпогон, кыял үчүн күрөшкөн инсанды тааныйсыз.

———————————————————————————

► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr

———————————————————————————

► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык 
Оператор: Ажыканов Калыс
Редактор: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзүндүлөр: Карыпбаев Мээриман

———————————————————————————
► Тайм-коддор
00:00 Анонс
01:09 Башталышы
02:14 Балалыгы. Акыркы сабактай өттүбү?
03:44 Каармандардын кимиси жакын болду?
05:30 Окуумду чөйрөмдүн айынан таштап салдым
09:05 Баланы кантип тарбиялоо керек?
12:07 Жашоону өзгөрткөн трансформация
17:37 Жашоодогу оор күндөр
18:45 Кыялга жетүүнүн жолу
22:32 Эмне үчүн окууну таштап салды?
24:21 Үй-бүлөлүк баалуулуктар
25:13 Режиссёр болуума атам каршы болду
28:45 АУЦАга окуш үчүн 350 доллар чогулттум
32:09 Университет билим эмес, чөйрөнү тандоого жардам берет
33:38 АУЦАга жол канчалык оор болду?
35:50 Журналистика актуалдуубу?
37:31 Кыргыз кинолору эмнеге окшош?
39:51 Блогерлер кесипкөй актерлордун ордун бастыбы?
41:43 Блогерлерди тасмаларга эмне үчүн тартышат?
46:53 Актёрлордун кара тизмеси
49:03 Адамдарды кантип тандайт?
51:27 Жубайым менин кеңешчим
54:01 Алгачкы тартылган тасма
59:46 1800 долларга кино тарткам
01:01:11 Режиссёрлор көрөбү?
01:05:55 Бийликтеги өзгөрүүлөргө кино дал келдиби?
01:09:12 «Салам, Нью-Йорк» жашоодон алындыбы?
01:10:38 Американын чыныгы жүзүн көрдүм
01:21:11 Кыргыздардын көйгөйү
01:21:51 «Бишкек, мен сени сүйөм» тасмасы тууралуу
01:24:03 «Салам, Нью-Йорк» тасмасын 4 адам эле тарткан
01:33:28 «Апамды издеп» тасмасы
01:45:15 «Бейиш» сценарийин сатып алды беле?
01:55:03 «Бейиш» кандай таасир берди?
02:07:55 «Акыркы сабактын» негизги максаты
02:14:41 «Агай» сериалы тууралуу
02:18:00 Эски тасмаларымды көрө албайм
02:20:51 «Бейиш 2» тасмасындагы актёрлор
02:28:44 «Нелегал» тасмасы эмнеге Мексикада тартылган эмес?
02:30:27 «Нелегалдын» негизги идеясы
02:33:31 Кино таң калтырбай калсачы?
02:35:59 «Эгемен Клабка» кандай байланышы бар?
02:41:16 Реклама тууралуу
02:43:13 Кино мамлекетке таасир береби?
02:46:59 Жыйынтык
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!