Ыйык шаар бизден эмнени жашырат? | Абдували устаз | Накта Подкаст

19/04/2026
6
► Бул чыгарылышта биз менен Абдували дамла. Бул маекте Меккеде узак жылдар жашап, илим алуу тажрыйбасы, ал жактагы жашоо жана руханий өзгөрүүлөр тууралуу кеңири сөз болот.

Ошондой эле береке, хидаят, Жабраил (а.с.) тууралуу түшүнүктөр, Мекке шаарынын өзгөчөлүктөрү жана исламдагы мазхабдардын айырмачылыктары талкууланат. Динди туура түшүнүү, интернеттен билим алуу, жасалма интеллекттен фатва суроо сыяктуу заманбап маселелер да көтөрүлөт.

Мындан тышкары, Сауд Арабиясындагы жашоо, мигранттардын абалы, жакырчылык маселеси жана вакф системасы тууралуу да пикирлер айтылат. Акырында арабдардан эмнени үйрөнсөк болору жана кыргыз элине дуба менен жыйынтыкталат.

———————————————————————————
► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr
———————————————————————————

► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык 
Оператор: Ажыканов Калыс
Редактор: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзүндүлөр: Карыпбаев Мээриман

———————————————————————————
► Тайм-коддор
0:00 Анонс  
1:27 Башталышы  
2:31 20 жыл Меккеде илим алдыбы?  
3:25 Кантип Меккеде жашап калды?  
6:20 Эмнеге Меккени тандады?  
7:32 Башка өлкөдөн илим алгандар Кыргызстанга кандай максатта кайтып келет?  
8:08 Меккеге келгендеги алгачкы сезимдер  
11:16 Мекке 2005-жылы  
14:38 Береке деген эмне?  
19:22 Хидаяттын өлчөөсү кандай?  
24:38 Жабраил (а.с.) тууралуу  
27:37 Мекке шаарынын курулушу тууралуу  
30:06 Жөөттөр ибадаттан азгырып жатабы?  
31:50 КРдагы диний сабаттуулук тууралуу  
37:46 Мазхабдардын айырмасы  
43:25 Эмнеге меккеликтер салафизмди тандады?  
43:53 Динди кимдер өзгөртүп жатат?  
45:54 Ислам менен Батыш душманбы?  
47:26 Динди интернеттен алса болобу?  
49:38 Фатваны жасалма интеллекттен сурап калыштыбы?  
51:42 Туура эмес хадис же фатва экенин кантип билебиз?  
52:25 Ижаза деген эмнени түшүндүрөт?  
59:04 Мекке шаарынан кандай өзгөрүүлөрдү байкады?  
1:06:31 Умранын мааниси эмнеде?  
1:07:49 Эмнеге Сауд Арабиясы бай болсо да жакырчылык көп?  
1:09:21 Вакф системасы жакырчылыкты жоё алабы?  
1:12:19 Умра кылган адамдар кедей болбойбу?  
1:24:00 Арабиянын бийлиги жакырчылыкты жашырабы?  
1:25:12 Саудияда мигранттардын жашоо шарты кандай?  
1:29:50 Сауд Арабиясынын жаштары тууралуу  
1:32:21 Меккенин мырзалары тууралуу  
1:37:13 Меккенин элин пайгамбарыбыз кууп чыккан элби?  
1:42:27 Меккеге жөн эле келип жашаса болобу?  
1:45:53 20 жыл жашап акыр замандын белгилерин байкадыбы?  
1:49:27 Ислам жоопкерчиликти туулган жерине карап береби?  
1:53:58 Арабдардан эмнени үйрөнсөк болот?  
2:03:05 Кыргыз элине дуба
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!