► Кезектеги подкастыбыздын коногу — Дубайда ийгиликтүү ишкерлик жүргүзүп жаткан жердешибиз Дастан Курманбек уулу.
Бул чыгарылышта Дубай жана ОАЭ тууралуу кеңири маек курдук. Дубай мамлекетпи же шаарбы? ОАЭ кандайча түзүлгөн? Дубай башкаруучуларынын саясий жана экономикалык стратегиясы кандай? Бүгүнкү күндө экономика кандай нукта өнүгүүдө?
Ошондой эле араб коомунун өзгөчөлүктөрү, чет өлкөлүктөргө болгон мамилеси жана ишкерлик жүргүзүүдөгү мүмкүнчүлүктөр тууралуу ачык сүйлөштүк.
Бул чыгарылыш сиздерге жаңы маалымат жана пайдалуу тажрыйба берет деп ишенебиз
———————————————————————————
► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr
———————————————————————————
► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык
Оператор: Ажыканов Калыс
Редактор: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзүндүлөр: Карыпбаев Мээриман
———————————————————————————
► Тайм-коддор
0:00 Башталышы
1:30 Араб кийимдеринин өзгөчөлүктөрү
2:23 Дубай мамлекетпи же шаарбы?
2:58 Канча эмират бар?
3:18 Эмне үчүн Бириккен Араб Эмираттары?
4:36 Өлкөлөр кантип биригишкен?
5:49 Мамлекет качан байый баштады?
6:55 Президенттин стратегиясы
9:50 Калкынын саны канча?
12:40 Арабдардын ГКНБсы күчтүүбү?
13:25 Мамлекеттик кызматта арабдар гана иштей алабы?
13:42 Ишкерлик — олуттуу иш
14:57 Эмне үчүн адамдар акчаны Дубайда сакташат?
16:06 Экономикасы абдан өнүккөн
17:06 Согуш болуп кетүү коркунучу жокпу?
20:07 Эмираттар Палестинага эмнеге жардам берет?
24:04 Арабдардын чыныгы жүзү башкабы?
25:59 Жергиликтүү адамдар диндарбы?
30:06 Арабдардын жаман сапаттары барбы?
35:00 Шылуундук кеңири тараган жерби?
42:56 Арабдар кандай адамдар?
43:25 Арабдардан эмнени үйрөнүшүбүз керек?
45:28 Арабдар арабдарга үйлөнөбү?
46:43 Экинчи аял алуу арабдарда барбы?
48:34 Араб эркектери алсызбы?
51:56 Мамлекет жарандарын катуу коргойбу?
53:23 Мигранттарга иштөөгө шарт барбы?
56:26 Мигранттар тейлөө кызматында иштейби?
57:03 Араб тилин билгендер кайсы жумушка кире алат?
57:53 Арабдардын баары байбы?
1:01:04 Араб мамлекети ачык жана коопсузбу?