Алмамбет Шыкмаматов разъяснил порядок списания признанной налоговой задолженности с банковских счетов
Сегодня, 3 апреля, в прямом эфире «Биринчи радио» и телеканала «Ала-Тоо 24» председатель Государственной налоговой службы Кыргызской Республики Алмамбет Шыкмаматов разъяснил порядок списания денежных средств с банковских счетов граждан при наличии признанной налоговой задолженности.
По его словам, на сегодняшний день порядка 450 тысяч граждан имеют налоговую задолженность. Основными причинами остаются низкий уровень ответственности и несвоевременное исполнение налоговых обязательств.
Глава ГНС отметил, что с 1 января текущего года внедрён обновлённый механизм списания признанной налоговой задолженности. В случае наличия задолженности гражданину направляются SMS-уведомления, письменное извещение по месту жительства, а также уведомление через электронные сервисы. При этом предоставляется срок в один месяц для добровольного погашения задолженности либо её оспаривания в установленном порядке.
В случае игнорирования уведомлений и отсутствия реакции со стороны налогоплательщика по истечении указанного срока производится списание денежных средств с банковского счёта.
Как подчеркнул Алмамбет Шыкмаматов, подобная практика применяется в большинстве развитых стран.
Он также отметил, что при прежней системе материалы передавались судебным исполнителям для принудительного взыскания. Это влекло за собой наложение ареста на имущество, ограничения на выезд за пределы страны, а также дополнительные расходы — до 20% от суммы задолженности в виде вознаграждения судебного исполнителя.
Кроме того, при длительной неуплате задолженности начисляется пеня, что приводит к существенному увеличению суммы долга.
В завершение глава ГНС подчеркнул, что внедрённые изменения направлены на упрощение процедур, повышение их прозрачности и справедливости, а также создание более эффективной системы администрирования налоговой задолженности.
***
Алмамбет Шыкмаматов таанылган салык карызын банк эсептеринен өндүрүп алуу тартибин түшүндүрдү
Бүгүн, 3-апрелде, "Биринчи радио" жана "Ала-Тоо 24" телеканалынын түз эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов жарандардын таанылган салык карызы болгон учурда банк эсептеринен акча каражаттарын эсептен чыгаруу тартибин түшүндүрдү.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө болжол менен 450 миңге жакын жаранда салык карызы бар. Негизги себептердин бири жоопкерчиликтин төмөн деңгээли жана салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбоо болуп саналат.
Салык кызматынын башчысы белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта таанылган салык карызын өндүрүүнүн жаңыланган механизми киргизилди. Карыз болгон учурда жаранга SMS-билдирүү жөнөтүлөт, жашаган жери боюнча жазуу түрүндө билдирүү берилет, ошондой эле электрондук кызматтар аркылуу да кабарланат. Мында карызды ыктыярдуу түрдө төлөө же аны мыйзамда белгиленген тартипте талашуу үчүн бир айлык мөөнөт каралган.
Эгерде салык төлөөчү билдирүүлөрдү этибарга албай, белгиленген мөөнөт ичинде чара көрбөсө, анда банктык эсептен акча каражаттары өндүрүлөт.
Алмамбет Шыкмаматов мындай практика өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө колдонуларын белгиледи.
Ошондой эле ал мурдагы системада материалдар мажбурлап өндүрүү үчүн сот аткаруучуларына өткөрүлүп берилерин айтып өттү. Бул өз кезегинде мүлктү камакка алууга, өлкөдөн чыгууга чектөө коюуга, ошондой эле кошумча чыгымдарга — карыз суммасынын 20% чейинкисин сот аткаруучунун акысы катары төлөөгө алып келчү.
Мындан тышкары, карыз узак убакыт төлөнбөсө, туум эсептелип, карыздын көлөмү кыйла көбөйөт.
Жыйынтыгында Салык кызматынын төрагасы киргизилген өзгөртүүлөр жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, ачык-айкындуулукту жана адилеттүүлүктү жогорулатууга, ошондой эле салык карыздарын башкаруунун натыйжалуу системасын түзүүгө багытталганын белгиледи.
МСКнын басма сөз кызматы