Сроки уплаты налога на нежилое имущество | Турак эмес мүлккө салынуучу салыкты төлөө мөөнөттөрү

16/03/2026
126
Государственная налоговая служба Кыргызской Республики напоминает о сроках уплаты налога на нежилые объекты имущества.
Данный налог уплачивается ежеквартально равными частями:
• до 20 марта;
• до 20 июня;
• до 20 сентября;
• до 20 декабря.
В соответствии с налоговым законодательством Налоговая служба проводит расчет и начисление налога на недвижимое имущество. При этом налогоплательщики обязаны уплатить сумму начисленного налога в установленный срок.
Информация о начисленных налогах на недвижимое имущество будет доступна в Кабинете налогоплательщика на сайте cabinet.salyk.kg.
Отметим, что корректность начисления имущественных налогов напрямую зависит от актуальности данных, содержащихся в информационных системах государственных органов регистрации.
Налоговая служба рекомендует налогоплательщикам сверить данные, указанные в правоустанавливающих документах на имущество, с данными Государственного учреждения «Кадастр».
Кроме того, владельцам налогооблагаемых объектов имущества рекомендуется проверить в Кабинете налогоплательщика на правильность начисления налога на:
• нежилые здания, помещения и сооружения;
• земли населённых пунктов;
• земли несельскохозяйственного назначения.
В случае выявления ошибочных или некорректных начислений следует обратиться в ГУ «Кадастр», а также в территориальные управления ГНС по месту нахождения объекта для уточнения и корректировки данных.
_____


Мамлекеттик салык кызматы турак эмес мүлк объектилерине салынуучу салыкты төлөө мөөнөттөрүн эскертет.
Бул салык квартал сайын тең үлүштөр менен төмөнкү мөөнөттөрдө төлөнөт:
• 20-мартка чейин;
• 20-июнга чейин;
• 20-сентябрга чейин;
• 20-декабрга чейин.
Салык мыйзамдарына ылайык, кыймылсыз мүлккө салынуучу салыкты эсептөө жана эсепке алуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлөт. Ошол эле учурда салык төлөөчүлөр эсептелген салык суммасын белгиленген мөөнөттө төлөөгө милдеттүү.
Кыймылсыз мүлккө эсептелген салыктар тууралуу маалымат cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн кабинетинде жеткиликтүү болот.
Белгилей кетсек, мүлк салыктарынын туура эсептелиши мамлекеттик каттоо органдарынын маалыматтык системаларындагы маалыматтардын актуалдуулугуна түздөн-түз көз каранды.
Салык кызматы салык төлөөчүлөргө мүлккө болгон укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарды «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалыматтары менен салыштырып текшерүүнү сунуштайт.
Мындан тышкары, салык салынуучу мүлк объектилеринин ээлерине Салык төлөөчүнүн кабинетинен төмөнкү объектилер боюнча салыктын туура эсептелишин текшерүү сунушталат:
• турак эмес имараттар, жайлар жана курулуштар;
• калктуу конуштардын жерлери;
• айыл чарба багытындагы эмес жерлер.
Эгерде салыктын эсептелишинде ката же туура эмес маалыматтар аныкталса, маалыматтарды тактоо жана оңдоо үчүн «Кадастр» мамлекеттик мекемесине, ошондой эле объект жайгашкан жер боюнча Салык кызматынын аймактык башкармалыктарына кайрылуу керек.
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!