Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов акыркы жылдары салык төлөө маданияты салыштырмалуу өсүп жатканын билдирди.
Ал белгилегендей, бул көрсөткүчтүн жогорулашына санариптештирүү процесстери, анын ичинде электрондук кызматтардын киргизилиши жана салык системасынын жөнөкөйлөштүрүлүшү оң таасирин тийгизүүдө. Натыйжада жарандар менен ишкерлер салыктык милдеттенмелерин аткарууга көбүрөөк жоопкерчилик менен мамиле кыла баштады.