“Нелегал” тасмасы Кудайдан келгендей болду | Жахан Утаргалиев | Накта Подкаст

12/04/2026
12
Кезектеги эл аралык чыгарылышыбыздын коногу — казакстандык актер жана продюсер Жахан Утергалиев. Бул маек жөн гана кино тууралуу эмес, адамдын ички өзгөрүүсү, сыноолор аркылуу бышып жетилүүсү жана жашоого болгон көз карашы тууралуу терең баарлашуу болду.

Жахан өз жашоосундагы оор учурлар, чечимдер жана бурулуштар аны кандай адам кылып калыптандырганын ачык айтып берди. Динге болгон жол, ишенимдин ролу жана бул багыт анын чыгармачылыгына кандай таасир бергенин да бөлүштү. Кыргызстанга алгачкы келиши, Руслан Акун менен жолугушуусу жана бул байланыш анын карьерасында кандай мааниге ээ болгону өзүнчө бир кызыктуу окуя катары ачылды.

Ошондой эле “Нелегал” тасмасындагы ролу, образга кирүү процесси жана азыркы кино индустриясындагы орду тууралуу ойлору менен бөлүшүп, чыгармачылыкка болгон жоопкерчилик, максат жана баалуулуктар жөнүндө маанилүү пикирлерин айтты.———————————————————————————

► Биздин социалдык тармактар:
• instagram (Нурсейит): https://www.instagram.com/nurseiit_anarkulov
• instagram (Накта Подкаст): https://www.instagram.com/nakta_podcast
• Telegram-баракча: https://t.me/naktapodcasterr

———————————————————————————

► Подкасттын үстүндө иштегендер:
Автор: Анаркулов Нурсейит
Кадр сыртындагы үн: Кычык 
Оператор: Ажыканов Калыс
Редактор: Оруналиева Мырзайым
Дизайн жана үзүндүлөр: Карыпбаев Мээриман

———————————————————————————
► Тайм-коддор
0:00 Анонс
1:28 Башталышы
2:02 Кыргызстанга чакырган кыргыз шакирти
7:29 “Нелегал” тасмасында кантип роль жаратып калды?
15:53 Дин менен чыгармачылыкты алып кетүү оорбу?
17:30 Динге келгенде хейт болдубу?
20:08 Жакындардын кабыл алуусу
24:17 Элге айтпаган кандай сыноо
27:33 Тасма тартуу үчүн 60 млн го үйүн сатканбы?
31:50 Жаңы тартыла турган тасмасы тууралуу
33:02 9 жаштагы балага эмнеге телефон берген?
34:30 Садаканы жарыя жасагандарга ою кандай?
37:54 Кайсы үй-бүлөнү сактап калды?
43:37 “Аялым менен 3 жолу жолугуп, турмуш курдук”
48:03 Үй-бүлө келгенде эгону жоготом
51:24 Психологго баргандан көрө мечитке бар
53:09 Кумир тууралуу
56:55 “Нелегал” тасмасындагы импровизация
59:46 Жакшы бизнесмен болгум келет
1:02:32 Кинону акча үчүн тартуу туурабы же туура эмеспи?
1:04:17 Жасалма интеллект менен сценарий жазбайм
1:05:54 Руслан Акун кандай режиссёр экен?
1:19:40 Аягы
Авторизуйтесь, для того чтобы оставить комментарий
Новости проекта
Промо-блок
Учись, развивайся, вдохновляйся и получай удовольствие!